Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Аймак 757 10 Февраль 2025 12:00
476187128_933523628956384_6591282932002281657_n.jpg
476439419_933523545623059_7158546100747170175_n.jpg
476448194_933523548956392_5699126679573018138_n.jpg
476385475_933523542289726_2289456836341053172_n.jpg
476465398_933523632289717_917977857432701081_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда.

Транспорт минитсрлигинен билдиришкендей, жумуштар № 21 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери менен Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз объектилер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо атайын техниканын жардамы менен алынууда.

Эске салсак, бул жумуштар жумуштар президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында жүрүп жатат.