Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 212-222-аралыгы убактылуу жабылды

Аймак Загрузка... 27 Март 2025 15:00
IMG_3741.jpeg
copyright icon Транспорт министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 212-222-чакырымдар аралыгы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, учурда аталган тилкеде катуу бороон болууда.

Жеринде №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иш алып барып жатат.

Министрлик алыс жолго сапарга чыккан айдоочуларды аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.