Ош облусунун жаңы дайындалган башчысы жамаатка тааныштырылды

Аймак 892 03 Декабрь 2025 12:15
593739154_122193373982368081_2291041362367717251_n.jpg
593757750_122193374150368081_8072936833920932410_n.jpg
593845289_122193374216368081_9148910676466385487_n.jpg
592647126_122193374192368081_4887516407973490601_n.jpg
594566222_122193374294368081_1885974375239522893_n.jpg
Алдыга
Артка
593739154_122193373982368081_2291041362367717251_n.jpg
593757750_122193374150368081_8072936833920932410_n.jpg
593845289_122193374216368081_9148910676466385487_n.jpg
592647126_122193374192368081_4887516407973490601_n.jpg
594566222_122193374294368081_1885974375239522893_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эмгек жамаатка жана Ош облусунун активине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Аманкан Кенжебаевди тааныштырды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри, аппарат кызматкерлери, район акимдери, ошондой эле облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар катышты.

Данияр Амангелдиев өз сөзүндө аймактарда мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууда өкүлчүлүктүн маанилүү ролу бар экенин белгилеп, калк менен тыгыз иш алып баруу жана президенттин тапшырмаларын так аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, бул жаатта Аманкан Кенжебаевдин тажрыйбасы бар экенин айтып, жаңы кызматында ийгилик каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө буга чейин Ош облусун башкарып келген Элчибек Жантаевди расмий узатуу аземи да өттү. Элчибек Жантаев кызматтык ишинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялап, райондорго үзгүлтүксүз чыгып, калк менен тыгыз байланышта болуп, социалдык жана инфраструктуралык маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурганы үчүн жогору бааланды.

Ошондой эле Жантаевге “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.