Ош облусунда жер титиреди. Кайсы айылдарда катуу сезилди?

Кырсык Загрузка... 26 Январь 2026 09:52
1199006.a98583ca70f2c2f258cbd9c1637cfdac.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Бүгүн саат 03:54дө Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Алай районунун Кабылан-Көл айылынан түндүк-чыгышка карай 3 чакырым, Алга-Бас айылынан түштүк-батышка карай 5 чакырым аралыкта жайгашып, Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 3,5 балл, ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.