Ош облусунда жаңы "Исанов" көмөк чордону курулат

Аймак 136 17 Август 2026 17:40
777208490_28134533062846394_5036113442318343863_n.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Ош облусунда кубаттуулугу 220/110/10 кВ болгон жаңы "Исанов" көмөк чордонун куруу долбоору ишке ашырылууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда объект боюнча долбоордук жана тендердик документтер даярдалып жатат. Анын алкагында жалпы узундугу болжол менен 76 чакырым болгон жаңы электр берүү линияларын куруу каралган.

Долбоордун электр энергиясын берүү системасын күчөтүүгө жана гидроэнергетика менен күн энергиясын тармакка кошууга багытталган экинчи компонентинин жалпы каржылоо көлөмү 35,5 млн АКШ долларын түзөт.

Каражаттын бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:

  • 23,5 млн доллар — Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каражаты;
  • 10 млн доллар — Жашыл климатфондунун жеңилдетилген насыясы;
  • 2 млн доллар — Грант.

Демилге "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылып жатат.

Долбоордун алкагында Ош облусунда жаңы 220/110/10 кВ "Исанова" көмөк чордонун куруу жана аны жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары менен байланыштыруу каралган.

Алсак, төмөнкү инфраструктуралык объекттерди куруу пландалууда:

  • "Исанова" — "Кара-Шоро", "Исанова" — "Кара-Кулжа" жана "Исанова" — "Каратай" багытындагы 110 кВ электр берүү линиялары;
  • 220 кВ "Датка–Узловая" линиясын "Исанова" көмөк чордонго туташтыруу.
"Долбоорду ишке ашыруунун эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири курулуш иштеринин катуу экологиялык жана социалдык стандарттарга шайкеш келүүсүн камсыз кылуу. Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди максималдуу түрдө минималдаштыруу, жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын эске алуу жана коопсуздук талаптарын сактоо максатында тиешелүү коргоо инструменттерин даярдоо боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр аткарылууда",-деп айтылат маалыматта.