Ош облусунда кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдор ачылды

Президент 3153 20 Март 2025 16:05
485718044_1180258087442157_7491490394903901546_n.jpg
485727725_1180258534108779_2237166091316268272_n.jpg
484942570_1180258394108793_3822134590038636450_n.jpg
484982254_1180258224108810_5058633370786792155_n.jpg
485042085_1180258357442130_2868806949724934159_n.jpg
485046871_1180258257442140_901729023316507644_n.jpg
485073797_1180257777442188_8366009685672092575_n.jpg
485091545_1180257820775517_4669399613810538938_n.jpg
485096778_1180258540775445_1140416329801663024_n.jpg
485175092_1180258110775488_3994992893108648400_n.jpg
485179748_1180257780775521_3121452381726905300_n.jpg
485284251_1180257974108835_1746121088556543728_n.jpg
485295076_1180257790775520_3386871118155396225_n.jpg
485331866_1180258650775434_2665709225342702223_n.jpg
485361147_1180258250775474_630661888020457320_n.jpg
485626596_1180258397442126_473941317965008934_n.jpg
485683014_1180257817442184_7648609643066038377_n.jpg
485684558_1180257970775502_976538492953611025_n.jpg
485691005_1180258530775446_7907358615592449021_n.jpg
485722520_1180257967442169_4005368708571397435_n.jpg
485769731_1180258100775489_6243429584180247451_n.jpg
485790208_1180258637442102_2164816099184616149_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдордун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өткөн жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бүт өлкө аймагында 100 ири өнөр жай ишканасы ишке киргизилгенин айтты.

“Жыл сайын жумуш орундарын түзө турган, өлкө экономикасына өз салымын кошо турган өнөр жай ишканаларын куруу аракетибиз быйыл да жигердүү уланууда”, - деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров иш-пландардын алкагында бүгүн кирпич жана байытылган көмүр чыгаруучу “Ош таза көмүр” жаңы заводдорунун ишке кирип жатканын белгилеп өттү.

9 миллиондон ашык АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатка ишке ашырылган бул инвестициялык долбоор Кара-Суу районунун калкы үчүн 250 жумушчу орун түзмөкчү. Жылына 50 млн даана кирпич жана 600 миң тонна көмүр продукциясын өндүрүү планы бар.

Президент инвестицияларды, анын ичинде жеке фонддорду жана банктык салымдарды тартуу бизнес-коомчулуктун мамлекеттин экономикалык саясатына болгон ишенимин бекемдээрин жана башка инвесторлорго Кыргызстан жаңы өндүрүштөргө ачык экендигин жана өлкөдө ири бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн көрсөтүп турарын баса белгиледи.

“Эң башкысы аймактарда өнөр жайды өнүктүрүү стратегиялык артыкчылык болуп саналат”,- деди Мамлекет башчысы. Ал мындай долбоорлор экономиканын туруктуулугун чыңдоого, курулуш материалдарын импорттоодогу көз карандылыкты азайтууга жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоруна токтолду.

Садыр Жапаров алдыга чоң максаттарды коюлуп, район аймагына жаңы заводдордун курулушу - өндүрүш тармагын өнүктүрүү үчүн башка бизнесмендерге жаңы идеялардын жаралышына жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачылышына мыкты мисал болоорун белгилей кетти.

“Заводдордун иши ийгиликтүү болсун, бүгүнкү күндөгү атаандаштыкка жөндөмдүү, технологиялык жактан өнүккөн ишкана болсун! Мээнет төккөндөрдүн колу мындан ары да берекеге, ийгиликке тунсун”, - деп сөзүн жыйынтыктады мамлекет башчысы.

Андан соң ишкананын расмий ишке киришин белгилеген - лента кесүү аземи өттү. Президент Садыр Жапаров үчүн чийки затты даярдоодон баштап, даяр продукцияны таңгактоого чейинки продукцияны өндүрүлүшүнүн толук автоматташтырылган цикли көрсөтүлдү.

Аягында Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашты, алар аймакка көңүл бурганы, демилгелерди колдогону жана маанилүү социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырганы үчүн ага ыраазычылыгын билдиришти.