Бишкек, 03.05.25. /Кабар/. Ош облусунун айыл чарба тармагында үч ай ичинде 7 млрд 552 млн сомдук продукция өндүрүлдү. Бул тууралуу Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын биринчи кварталы боюнча жыйынтыктоочу коллегиялык жыйынында белгилүү болду.
Маалыматта белгиленгендей, бул өлкөнүн айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүнүн 18%ын түзөт.