Ош облусунда 16 социалдык объект пайдаланууга берилди

Аймак 11 сентябрь 2026 13:30
Ош облусунда 16 социалдык объект пайдаланууга берилди
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Бүгүн Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын майрамдоонун алкагында президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ош облусунда 16 социалдык объект пайдаланууга берилди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын ичинде 2 мектеп, 5 бала бакча, 3 спорт зал, 1 оорукана, 1 ФАП, 1 маданият үйү, 2 административдик имарат жана 1 парк бар.

Атап айтканда:

  • Алай району — 150 орундуу мектеп, 60 орундуу бала бакча жана 2 спорт комплекси;
  • Араван району — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн имараты;
  • Кара-Кулжа району — «Буранов» паркы жана ФАП;
  • Кара-Суу району — бала бакча;
  • Ноокат району — 2 бала бакча, 40 койкалуу оорукана жана спорт залы;
  • Өзгөн району — 120 орундуу бала бакча жана 150 орундуу мектеп;
  • Чоң-Алай району — Социалдык фонддун райондук башкармалыгынын имараты, мектепке чейинки билим берүү уюму жана маданият үйү.

Жаңы объекттер аймактардагы билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, маданият жана башка социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.