Ош облусу атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик аймакка айланат

Аймак 171 14 Август 2026 09:00
3557740.4a59a64f6806451fc9fa40f0bc34101c.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Күн мурун президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда облустагы туризмдин абалы, туристтик инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу жана туристтер үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелери каралды.

Аманкан Кенжебаев туризмден түшкөн кирешелерди туристтик аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багыттоо зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, туристтердин агымынын өсүшү менен жергиликтүү аймактарга жүк да артууда. Ошондуктан жол, суу, электр энергиясы, таштанды чыгаруу жана экология маселерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Тараптар туризмди өнүктүрүүдө борбордук жана жергиликтүү бийлик, жеке сектордун кызматташтыгын күчөтүү, туристтик объектилердин инфраструктурасын жакшыртуу жана инвестициялык долбоорлорду колдоо боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгууга макулдашышты.