Ошто жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды

Ден соолук 20 Ноябрь 2025 14:00
585076840_122192047142368081_6824375137823337786_n.jpg
585059006_122192047448368081_772277695358492740_n.jpg
585112739_122192047472368081_4088020245301429592_n.jpg
585315456_122192047178368081_5718949377890274243_n.jpg
585544245_122192047238368081_1335814435720633069_n.jpg
585557241_122192047388368081_2799517365033024646_n.jpg
586231341_122192047358368081_6144315978451861771_n.jpg
586348702_122192047190368081_4215242263188072740_n.jpg
586693846_122192047352368081_3698750048907805154_n.jpg
587006531_122192047154368081_2676616488212128409_n.jpg
587107816_122192047496368081_4496165458050421383_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган борбордун курулушуна капсула салуу аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард, саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов жана медициналык кызматкерлер катышты.

Жаңы перинаталдык борбор 2 кабаттан туруп, 249 орунга ылайыкташтырылмакчы.

Блоктун түзүлүшү төмөнкүдөй болот:

  • 1-кабат: кабыл алуу бөлүмү, операция жасоо залдары жана төрөт бөлмөлөрү;
  • 2-кабат: аялдар үчүн интенсивдүү терапия бөлүмү, неонаталдык кароо (интенсивдүү терапиядан чыгарылган ымыркайлар үчүн) жана ымыркайлар бөлүмдөрү.

Белгилей кетсек, оорукана Германиянын каржылык колдоосу менен курулат.