Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын Ош облусу менен Россиянын Омск облусунун жетекчилиги аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууда агроөнөр жай, өнөр жай кооперациясы, соода, логистика, билим берүү, туризм жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Ош облусу Омсктун ишкерлерин биргелешкен долбоорлорго катышууга чакырып, Омск облусунун делегациясын 2027-жылы өтө турган "Салам, Ош!" эл аралык туристтик фестивалына катышууга расмий чакырды.
Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.