Ош: Достук кичи шаарчасындагы мыйзамсыз тосуп алынган көчө ачылат

Аймак Загрузка... 11 Февраль 2025 14:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Ош шаарынын Достук кичи шаарчасындагы мыйзамсыз тосуп алынган 10-көчө ачылат. Бул тууралуу бүгүн 11-февралда шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин кезектеги таңкы кыдыруусунда маалым болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кыдырууга тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышып, алар биргеликте Достук кичи шаарчасынын бир катар көчөлөрүнүн абалын көрүп чыгышты.

Анын алкагында 10-көчөдөгү жашыл бадалдар жана тосмолор менен тосулуп калган жолду ачуу, ошол жерден 8-көчөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, шаар башчысы Мамыров көчөсүн кыдырып, бул жерде жайгашкан №29 Калинин атындагы мектептин аймагын мыйзамсыз курулуштардан тазалоо, тез арада көчөнүн боюндагы шаардын көркүн бузган, мыйзамсыз соода-сатык түйүндөрдү, тосмолор менен чатырларды бузуп алып салуу, эскирген жарнамалык тактайчаларды жаңылоо жана талапка ылайык келтирүү, тротуарларды ачуу боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Белгиленгендей, шаардын көчөлөрүн иретке келтирүү иштери улантылат.