“Ош” базарынын кире беришинде арзандатылган баада эт сатылууда

Коом 04 Декабрь 2025 09:48
594058278_1352850110214867_6879550657258516419_n.jpg
592748180_1352850166881528_257106632956498625_n.jpg
592864797_1352850223548189_7163864692623030543_n.jpg
593727867_1352850026881542_2470015770369127948_n.jpg
594072623_1352849810214897_4226713807066709497_n.jpg
594973500_1352850236881521_4265164680352791401_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Бишкектеги “Ош” базарынын кире беришинде арзандатылган баада эт саткан социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул райондун аймагында экинчи социалдык эт сатуучу түйүн болуп саналат. Жаңы социалдык эт дүкөнүндө шаар тургундарына уй, кой жана тай эттери базар баасынан кыйла арзан жана жеткиликтүү баада сунушталууда:

  • Уй эти — 660 сомдон;
  • Жылкы эти — 660 сомдон ашпайт.

Жарандар этти керектеген өлчөмдө сатып ала алышары белгиленди.

Социалдык долбоор калкка сапаттуу, коопсуз жана капчыкты үнөмдөгөн эт продукциясын сунуштоо, ошондой эле эт базарындагы баанын туруктуулугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатын көздөйт.

"Бул иштер министрлер кабинетинин эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча кабыл алган чечимдерине ылайык, өлкө аймагында эттин негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калкты жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыздоо багытында жүргүзүлүп жатат",-деп айтылат маалыматта.