Өлкө аймагында этти ортомчусуз сатуу үчүн 100 соода түйүнү ачылат

Экономика 22 сентябрь 2026 10:50
Өлкө аймагында этти ортомчусуз сатуу үчүн 100 соода түйүнү ачылат
copyright icon WWW

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда этти ортомчусуз түз сатуу үчүн 100 соода түйүнүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чара азык-түлүк рыногунда бааларды турукташтыруу боюнча даярдалган 2026-2027-жылдарга карата план долбоорунда каралган.

"Соода түйүндөрүн "Кыргыз Агрохолдинг" ачып, этти өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө түз жеткирүү механизми түзүлөт. Анын алкагында Бишкекте 30, Ош облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 14, Чүй облусунда 12 түйүн ачуу каралган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле соода түйүндөрү үчүн жер тилкелерин акысыз берүү жана электр энергиясына кеткен чыгымдарды субсидиялоо маселеси каралууда.