Ош базарынын айланасында мыйзамсыз соода кылгандарга базардын ичинен орундар берилет

Коом Загрузка... 03 Апрель 2025 10:34
WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.31.14.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ош базарынын тегерегин иретке келтирүү максатында Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейин, Токтогул көчөсүндө толугу менен мыйзамсыз соода-сатык кылгандар алынып, базардын ичинен орундар берилет. Бул тууралуу Ленин райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Бакыт Караев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаралар 14-мартта башталып, биринчилерден болуп мөмө-жемиш саткан мыйзамсыз соода-сатыктардын бардыгы алынган.

“Бишкек шаарын иретке келтирүү боюнча бардык муниципалдык кызматтардын иш-планы бекитилген. Иш-планга жараша биринчи этап менен Токтогул көчөсү Бейшеналиевадан Кулиев көчөсүнө чейин мыйзамсыз соода-сатыктардан тазаланды. Андан тышкары, Токтогул көчөсүндөгү эски бактарды кыюу, тротуар куруу, жашылдандыруу, ирригация системасын жаңылоо жана мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды алуу иштери жүргүзүлмөкчү”,- дейт Караев.

Ошондой эле акимдин орун басары Ош базардын ичинде мөмө-жемиштерди сатууга орундар болгондуктан, көчө бойлорунда соода кылгандар эми базардын ичинде ишин уланта алышарын билдирди.

“Жетекчилик менен сыртта соода-сатык кылгандарга базардын ичинен орун берүү боюнча иштер жүрүүдө. Эми шаардан сырткары жаңы Ош базары курулуп бүтсө, бардык соодагерлер ошол жака көчүрүлөт”,- деди ал.