Ош базарга рейд. Башаламан соода кылгандарга 1 жума мөөнөт берилди

Коом 07 Март 2025 11:13
482238981_1072378521604668_8284701878203968261_n.jpg
481896672_1072378421604678_5830565981751280443_n.jpg
482326265_1072378311604689_4501210748608380118_n.jpg
481775468_1072378318271355_1475580802743230711_n.jpg
482302302_1072378524938001_822735108300448430_n.jpg
Алдыга
Артка
482238981_1072378521604668_8284701878203968261_n.jpg
481896672_1072378421604678_5830565981751280443_n.jpg
482326265_1072378311604689_4501210748608380118_n.jpg
481775468_1072378318271355_1475580802743230711_n.jpg
482302302_1072378524938001_822735108300448430_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Ош базарынын аймагында башаламан соода жана Ала-Арча дарыясынын жээгин тазалоо боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө, Токтогул көчөсүндөгү соодагерлер менен болгон жолугушууда мэр башаламан сооданын, өзгөчө жашылча-жемиштердин белгиленбеген жерлерде сатылышы санитардык нормаларды бузуп, соодагерлердин жана сатып алуучулардын ден соолугуна коркунуч туудурарын белгиледи. Муниципалдык инспекцияга мыйзамсыз соодагерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо тууралуу эскертүүлөрдү берүү тапшырмасы берилди.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иши жетишсиз деп бааланып, көпчүлүк тамак-аш азыктары ачык асманда унаа жолдордун боюнда сатылып жатканы айтылды.

Ал эми, Ала-Арча дарыясынын жээгин текшерүү учурунда, дарыянын жээгин таштандылардан тазалоо боюнча, ошондой эле атайын техникаларды тартуу менен уруксат берилбеген объектерди демонтаждоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасына базар айланасындагы ирригациялык түтүктөрдү тазалоо, "Бишкекжашылкурулуш" ишканасына дренаждык системалардын туура иштеши үчүн жерди төмөндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды, "Бишкекасфальтсервис" ишканасына Токтогул/Бейшеналиева көчөлөрүнүн бөлүгүн реконструкциялоо боюнча пландарын түзүү тапшырылды.

Мындан сырткары Муниципалдык инспекция Ош базарынын айланасын - Токтогул, Бейшеналиева көчөлөрү жана Чүй проспектисинин Киев жана Кулиев көчөлөрүн текшерип, жыйынтыгында башаламан соодагерлерге 1 жума мөөнөт менен эскертүүлөр берилди.