Ош – Баткен – Раззаков жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 20 май 2025 16:23
496967572_1006874331621313_4536805847165521266_n.jpg
497445649_1036538848665012_6714896809013184555_n.jpg
498310235_1006874128288000_8085751683015554523_n (1).jpg
498321697_1006874034954676_122476826060808382_n.jpg
499260989_1006874021621344_85024161356703526_n (1).jpg
499523998_1006874144954665_7372830761405541574_n.jpg
499721002_1006874148287998_6795418717566796222_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 20.05.25 /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 47-чакырымынан 75-чакырымына чейинки тилкесинде жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта 62-66-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө, ал эми 47-чакырымында эски асфальт катмарын сыйруу менен жолду кеңейтүү жумуштары аткарылып жатат. Иш ыргагы сапатына өзгөчө басым жасоо менен бекитилген графикке ылайык уланууда.

Эске салсак, буга чейин Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 28-47-чакырымдар аралыктары асфальтталган. Ошону менен бирге жолдун 63 (Абшыр-Сай), 43 (Чили-Сай) жана 29-чакырымындагы (Кыркол-Сай) көпүрөлөрдүн курулуш иштери жыйынтыкталып, колдонууга берилген.

Белгилей кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырымдар аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11-чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.