Ош - Баткен - Раззаков унаа жолунда сел жүрүп, убактылуу жабылды

Аймак Загрузка... 16 Июль 2025 19:32
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Бүгүн Ош - Баткен - Раззаков (эски багыттагы) унаа жолунун 209-чакырымы селден улам убактылуу жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, сел токтогон соң, жеринде №2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Азыркы тапта аталган тилкеге атайын техникалар тартылды.