Ош-Араван жолунун жээгине 100 түп арча отургузулду

Аймак Загрузка... 03 Март 2025 14:43
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Ош-Араван жолунун жээгине 100 түп арчанын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү Ош-Араван жолунун жээгинде 100 түп арча көчөтү отургузулду. Иш-чарага КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Ош токой чарбасынын кызматкерлери жана Араван райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

"Иш-чаранын максаты айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жаратылышка кам көрүү болуп саналат",-деп айтылат маалыматта.