Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Орок айылында автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттарга көзөмөл жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты — автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө, экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу жана абанын сапатына терс таасирин тийгизген факторлорду азайтуу.
Рейддин жүрүшүндө белгиленген экологиялык талаптарды бузган жарандарга карата 3 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 22 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
"Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын деңгээлин көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.