ОСАГО милдеттүү болгонуна бир жыл болду: Алгачкы жыйынтыктар

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-07-01 at 13.00.27.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. ОСАГО полиси милдеттүү болуп киргизилгенине бир жыл толду. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Алима Нурланова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу камсыздандыруу тармагында олуттуу өсүш байкалууда.

"Өткөн жылы дал ушул күнү, 1-июлдан тарта ОСАГО боюнча камсыздандыруу милдеттүү болуп, полиси жок айдоочуларга айып пул салына баштаган. Аталган полис бир жылдык мөөнөткө берилгендиктен, аны алмаштыруу убактысы келип жетти. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жарандарга ОСАГО полисин өз убагында жаңыртып алууну сунуштайм. Анткени айып пулга туш болуп калуу коркунучу бар. Айып пул төлөгөнчө полисти алдын ала алуу алда канча пайдалуураак. Мындан тышкары, бул айдоочунун өзүнүн каржылык коопсуздугун камсыз кылат", — деди ал.

Нурланова белгилегендей, ОСАГО системасынын ишке кириши менен жабыр тарткан тараптарга төлөнгөн кенемтелердин көлөмү да өскөн. Өлкө боюнча уюм бир жыл ичинде жабырлануучуларга 105 млн сомдон ашык кенемте төлөп берген.

Ошондой эле ал ОСАГО полисин алуу тартиби жеңил экенин белгиледи. Полисти тариздөө үчүн унаанын техникалык паспорту, айдоочунун инсандыгын тастыктаган документи жана айдоочулук күбөлүк жетиштүү.

"Полисти биздин кеңселер аркылуу эле эмес, аралыктан да алууга болот. Тактап айтканда, strahovanie.kg платформасы жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу ыңгайлуу түрдө тариздөөгө мүмкүн", — деп кошумчалады орун басар.