ОСАГО: Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Талас облусундагы даректери

Аймак Загрузка... 24 Июнь 2025 16:32
1072273442_0_135_3163_1914_1920x0_80_0_0_cb07df0b85ab338b9933801e95767be3.jpg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 24.06.25 /Кабар/. ОСАГО камсыздандыруу полисин алуу – жөнөкөй жана ыкчам. Аны Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жана анын бардык филиалдарынан алууга болот. Ошондой эле жер-жерлерде полисти берүүчү муниципалдык территориялык участкалар кызматта. Андан сырткары аралыктан strahovanie.kg сайтынан жана Мбанк, MegaPay, О-Деньги тиркемелеринен да алууга болот.

ОСАГО полиси менен унаа ээлери үчүнчү жактардын мүлкүн жана ден соолугун коргой алышат.

Тарифтер жана камсыздандыруу суммалары:

Адам өмүрүн алган учур катталса 300,000 сомго чейин.

Жаракат үчүн 100,000 сомго чейин.

Мүлк үчүн 150,000 сомго чейин.

ОСАГОнун базалык баасы -1680 сомдон башталат.

1-июлдан тарта ОСАГО полиси жок айлоочуларга айып пул салына баштайт. Мындан улам Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга өз убагында аталган полисти алып алууну сунуштайт.

Талас облусунун тургундары төмөндөгү даректер боюнча камсыздандыруу полисин ала алышат:

  • МКУнун Талас филиалы — Талас шаары, Б.Баатыр көчөсү, №295а
  • МКУнун Талас филиалы (№2) — Талас шаары, Сарыгулов көчөсү, №59а
  • Талас шаарынын мэриясы — Талас шаары, Нуржанова көчөсү, №18
  • Авиакасса — Талас шаары, Сарыгулов көчөсү, №60/2

Бакай-Ата району:

  • Райондук администрация — Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү, №103
  • Дүкөн — Кызыл-Октябрь айылы, Соорбек көчөсү, №77
  • Акназаров айыл өкмөтү — Кызыл-Октябрь айылы, Макулбек көчөсү, №жок

Айтматов району:

  • Райондук администрация — Кызыл-Адыр айылы, Ч.Айтматов көчөсү, №7
  • Аманбаев айыл өкмөтү — Аманбаев айылы, Толстунов көчөсү, №8

Манас району:

  • Райондук администрация — Покровка айылы, Кояшев көчөсү, №27
  • Үч-Коргон айыл өкмөтү — Кызыл-Жылдыз айылы, О.Торогелдиев көчөсү, №4
  • Кыргызстан айыл өкмөтү — Талас айылы, Ч.Айтматов көчөсү, №4
  • Семетей айыл өкмөтү — Покровка айылы, Кояшев көчөсү, №31

Талас району:

  • Райондук администрация — Көк-Ой айылы, Манас көчөсү, №2
  • Беш-Таш айыл өкмөтү — Кызыл-Туу айылы, Темиркул көчөсү, №35
  • Шумкар Үйа айыл өкмөтү — Сасык-Булак айылы, Жумагүл көчөсү, Алымкул көчөсү, №50
  • Каракол айыл өкмөтү (кошумча дарек) — Арал айылы, Чыныке бий көчөсү, №1
  • Каракол айыл өкмөтү (Көпүрө-Базар) — Көпүрө-Базар айылы, Султан көчөсү, үй №К109.