ОСАГО: Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы даректери

Аймак Загрузка... 24 Июнь 2025 12:44
a42382d1cd5e7d33b74833d6be46d8c8-1.jpg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 24.06.25 /Кабар/. ОСАГО – бул автотранспорт ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу программасы. Анын артыкчылыгы - кырсык болгон учурда камсыздандыруу компаниясы келтирилген зыяндын ордун үчүнчү жактарга төлөп бергендигинде.

АКШ, Европа, Россия жана Казакстан, Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөр жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууга бир канча жыл мурун эле өтүшкөн. Ал эми Кыргызстанда камсыздандыруунун бул түрү 2016-жылы киргизилгени менен улам артка жылдырылып келген. 1-июлдан тарта мыйзам толугу менен иштеп, ОСАГО полисин албаган айдоочуларга айып пул салына баштайт.

Мындан улам ченелүү гана убакыт калгандыктан, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга ОСАГО полисин алууну эртелетүүнү сунуштайт.

Жогоруда аталган полисти уюмдун филиалдарынан, муниципалдык территориялык участкалардан, ошондой эле онлайн түрүндө strahovanie.kg сайтынан жана Мбанк, MegaPay, О-Деньги тиркемелеринен алууга болот.

МКУ төмөндө Нарын облусундагы полисти берүүчү мекемелердин даректерин сунуштайт:

  • Нарын филиалы — Нарын шаары, Ленин көчөсү, №76
  • Нарын автовокзалы — Нарын шаары, Ленин көчөсү, №7
  • Жумгал району, Жумгал РМА — Чаек шаары, Э.Матыева көчөсү, №127
  • Жумгал району, Чаек айыл өкмөтү — Чаек айылы, Э.Матыев көчөсү, №108
  • Нарын району, Дөбөлү айыл өкмөтү — Дөбөлү айылы, Ө.Токтосунов көчөсү, №жок
  • Кочкор району, Ормон Хан айыл өкмөтү — Кочкор айылы, С.Орозбаков көчөсү, №193
  • Кочкор району, Кочкор РМА — Кочкор айылы, Б.Исакеев көчөсү, №46
  • Кочкор району, Кочкор автовокзалы — Кочкор айылы, С.Орозбак көчөсү, №жок
  • Ат-Башы району, Ат-Башы РМА — Ат-Башы айылы, М.Омуракунов көчөсү, №133/1
  • Ат-Башы району, Ат-Башы автовокзалы — Ат-Башы айылы, А.Иманбердиев көчөсү, №171/3
  • Ак-Талаа району, Ак-Талаа РМА — Бакаат айылы (Баетов), Мырзалымбеков көчөсү, №11
  • Ак-Талаа району, Ак-Талаа автовокзалы — Ак-Талаа айылы, А.Чолпоналиев көчөсү, №жок
  • Карга-Жайлоо участкасы — Эмгекчил айылы, Карга-Жайлоо участкасы.