Орунтаев: Реновация боюнча мыйзам долбоору даяр — Кабар

Орунтаев: Реновация боюнча мыйзам долбоору даяр

Коом 10 декабрь 2025 17:30
Орунтаев: Реновация боюнча мыйзам долбоору даяр
copyright icon WWW

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Реновация боюнча мыйзам долбоору даяр, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосун күтүүдө. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 1960-1970-жылдары курулган, колдонуу мөөнөтү бүтүп калган турак жайлар бар.

“Долбоор биринчи кезекте жарандардын укуктарын жана каалоолорун эске алат. Ошондой эле инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого багытталган”, - деп баса белгиледи министр.

Орунтаев долбоорду ишке ашыруу эскирген имараттарды акырындык менен заманбап жана коопсуз имараттар менен алмаштырып, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртып, кыймылсыз мүлк тармагында кошумча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.