Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Таластын "Манас-Ордо" комплексиндеги реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, министрди президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев коштоп барып, долбоордун аткарылышы, курулуштун учурдагы абалы жана белгиленген иш графигинин сакталышы көзөмөлдөндү.
Орунтаев айрым багыттар боюнча курулуш иштери графиктен артта калып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу ал жооптуу тараптарга курулуш темпин тездетүү, жумуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу жана бекитилген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча катуу тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, масштабдуу реконструкциялоо иштеринин алкагында комплекстин аймагында заманбап жана улуттук колоритти айкалыштырган төмөнкү объекттер курулууда:
- административдик борбор;
- 300 орунга ылайыкташкан заманбап конгресс-холл;
- улуттук стилде жасалган коттедждер;
- жайкы жана кышкы ашканалар, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү борборлору;
- коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын камтыган галерея;
- 3500 орундуу масштабдуу маданий-көпчүлүк иш-чаралар борбору.
Маалымат үчүн: "Манас-Ордо" улуттук комплекси акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу мындай ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө. Объекттин уникалдуу долбоору Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан атайын иштелип чыккан.