Айыл жергесинде аялдардын демилгеси менен ачылган ишканалар жергиликтүү экономикага жан киргизип, коомдо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Алар ошондой эле башка айымдар үчүн үлгү болуп, шык берүүдө.

Ошондой ишкер айымдардын бири — Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу, Арка айылынын тургуну Гүлайым Добутова. Ал айылда жумуш орундарын түзүп, буга чейин кондитердик азыктарды чыгарган цех иштетип келсе, учурда өрүктү кайра иштетүү менен алектенүүдө.

- Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз. Жеке ишкерликке кадам таштоого эмне себеп болгон?
- Менин негизги кесибим – мугалим. Бирок, турмуш-шартка байланыштуу 3 жылдай гана кесибим менен иштеп, андан кийин айылдык китепканада иштеп калгам. Муну менен бирге эле Арка айылынын аялдар кеңешинин төрайымы болом. Жеке ишкерлик менен дагы алектенип, буга чейин кондитердик азыктарды өндүрүүчү цех ачкам. Анда жашоо-шарты оор, социалдык жактан аз камсыз болгон 8 келин иштеп келет.
Мурун өрүктөрдү коңшу Тажикстандан келген кардарларга тонналап сатчубуз. Кийин бул иш токтоп калгандан кийин өзүбүздүн колубузда турган продукцияны алып чыгалы деген ой келди. Бир тарабынан тургундарга жумуш орундарын түзүү жагын да ойлондум. Баткен облусунун Лейлек районунун өнүктүрүү фонду жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн колдоосу менен жабдууларды алып, өрүктү кайра иштетүүчү кичи цех ачтым. Ал жерде өрүктү таңгактап, ошондой эле данегинен таза жана нукура май чыгарабыз. Бул цехте төрт жумуш оруну түзүлүп, учурда эки аял киши жана эки эркек киши эмгектенип жатат. Андан сырткары “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун негизинде кошумча жабдууларды алып, сүйүнүп турган убагым.

- Өрүктүн майынын кандай пайдасы бар жана ал эмнеде колдонулат?
- Өрүктүн майы негизинен дарылык касиети күчтүү, пайдалуу да болот экен. Кант диабетине, кан басымга, ашказан ооруларына, бронхитке, иммунитетти көтөрүүгө, суук тийүүгө, бут ооруларына жардам берип, ал тургай косметикалык каражат катары да колдонулат. Аны алгач чыгарууда Бишкек менен Ош шаарларына анализге жөнөтүп, анын жыйынтыгына таянып ишти баштадык. Анализдерге ылайык, өрүктүн майы ден соолукка эч кандай зыяны жок, тескерисинче абдан пайдалуу экени аныкталды. Башында мындай ишканалар облуста гана бар эле. Цехти ачар алдында аларга 3 күн катары менен барып өрүктү кайра иштетүүнүн ыкмаларын үйрөнүп келдим.

- Өрүктүн майына суроо-талап кандай болуп жатат? Экспортко кетип жатабы?
-Негизи Баткендин ар кайсы райондорундагы кандек өрүктөр бири-биринен сорту, көлөмү, даамы боюнча айырмаланышат. Себеби, биздин айылда жай айларында күн катуу ысыгандыктан, өрүктөр 40-50 градуска чейинки ысыкта бышып, ал тургай кургап да калат. Кургагандан кийин терип алабыз. Анын үстүнө биздин өрүктөр дарыланбай, таза түрүндө болот.
Майды өзүбүздүн айылдарга, Ош облусуна жана Бишкек шаарына буйрутма менен жиберип жатабыз. Өткөн жумада Бишкек шаарында болгон айыл чарба жарманкесине катыштым. Ошол жерден бул ишти өнүктүрүүгө жардам бере турган өнөктөш таап, келишим түздүк. Ал эми таңгакталган кандек өрүк бир жарым жылдан бери JICA уюмунун колдоосу менен Японияга экспортко чыгууда.

- Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
- Айылда жумуш тартыш болгондуктан, жаштардын көбү ички жана тышкы миграцияга кетип калууда. Андыктан, аз болсо дагы жумуш орундарын түзүү максатында алдыда башка дагы долбоорлорго катышууну пландап жатам. Өрүктөн май чыгаруу, таңгактоо менен гана чектелип калбастан, кургатылган мөмө-жемиштерди чыгаруу менен алектенсемби деген ойлорум бар. Негизи биздин айылда мөмө-жемиштердин түрү өсөт. Мисалы, анар, курма, жүзүм ж.б. Бир гана алма өспөйт. Андан сырткары, маш дагы жакшы өсөт. Аны чет өлкөгө экспорттоп, кыз-келиндерге жумуш орундарын түзсөм деген ниетим бар.