Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Кечээ Түркиянын Кожаэли шаарында “Орток мурас – бир жүрөк” аталышындагы түрк тилдүү жаштардын форуму башталды.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, иш-чара түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарынан келген жаштарды бир аянтчага бириктирет. Катышуучулардын ортосундагы өз ара байланышты жана баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган программанын алкагында концерттер, ар кандай маданий иш-чаралар, экскурсиялар жана коомдук иш-чаралар менен катар эле, жалпы тарыхыбызга, маданий көп түрдүүлүккө жана жалпы баалуулуктарга арналган тематикалык панелдик талкуулар өткөрүлөт.
Бул маанилүү жолугушуу түрк дүйнөсүнүн жаштарынын ортосундагы достук менен тилектештикти бекемдеп, өлкөлөрүбүздүн жаш муундарынын ортосундагы боордоштук байланыштарды мындан ары да чыңдоого жана жалпы келечегибизди курууга салым кошот.
Бул форумга Кыргызстандан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери жана Түркиянын Кожаэли шаарында билим алып жаткан кыргыз студенттер катышууда. Ошондой эле УТРКнын алып баруучусу Чынгыз Рыскелдиев жана белгилүү алып баруучу Айзада Жамгырчиева катышып, панелдик отурумда түрк дүйнөсүнүн орток мурасын таанытуудагы медианын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндама жасашат.
Бул иш-чара Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын (AK Parti) Түрк мамлекеттери менен байланыш боюнча бөлүмүнүн координациясы тарабынан уюштурулууда. 9-октябрда башталган жолугушуу 11-октябрда жыйынтыкталат.