Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кочкор районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жүрүшү менен таанышты.
Анда мамлекет башчысына Кочкор районунун акими Баялы Досалиев даярдаган презентация сунушталды.
Белгилүү болгондой, райондун ири инвестициялык долбоорлорунун бири Орток айылында күн электр станциясынын курулушу болуп саналат. Долбоор “АСТ Империал Строй” ЖЧКсы тарабынан 455 гектар аянтта ишке ашырылууда. Инвестициянын жалпы көлөмү 250 млн АКШ долларын түзөт, ал эми станциянын долбоордук кубаттуулугу 325 мегаваттка жетет.