Орто-Токой суу сактагычына 1,2 млн балык чабагы кое берилди

Аймак Загрузка... 16 Март 2026 11:46
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Нарындагы Орто-Токой суу сактагычына май-канак балыгынын 1,2 млн чабагы кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, чабактар "Орто-Токой ынтымагы" ЖЧКсы тарабынан кое берилди. Алардын орточо салмагы 0,45 граммды түзөт.

Иш-чара суу сактагычтагы балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

Балыктандыруу иш-чарасы Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025-2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.