Орто-Токой ГЭСинде маанилүү энергетикалык объекттердин курулушу аяктады — Кабар

Орто-Токой ГЭСинде маанилүү энергетикалык объекттердин курулушу аяктады

Аймак 5 август 2026 16:10
763895012_1725966971805645_6238334146969151884_n.jpg
763103811_1725967015138974_7512726627807382970_n.jpg
763103922_1725966941805648_668235522283386609_n.jpg
764036502_1725966945138981_9052689135357969340_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Чакан ГЭС" ААК

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Орто-Токой ГЭСинин курулуш долбоорунун алкагында 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзмөк менен 110 кВ аба электр чубалгысынын курулушу аяктады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААК билдирди.

Маалыматка ылайык, объектте кубаттуулугу 25 миң кВА болгон күч трансформатору да орнотулду. Бул өндүрүлгөн электр энергиясын өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна ишенимдүү өткөрүп берүүгө шарт түзөт.

Учурда долбоордун кийинки этабынын алкагында Орто-Токой ГЭСин "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын тармагына кошуу боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.