Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча алтын медаль тагынган балбан Орозбек Алмаз уулу жеңишин кыргыз элине арнай турганын айтты.
Балбандын пикиринде, казакстандык спортчу менен күрөшүүдө машыктыруучулар менен биргеликте иштелип чыккан атайын ыкмаларды колдонууга аракет кылды.
Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу финалда казакстандык Нурдаулет Жарылгапов менен 100 килограммадан жогору салмакта күрөштү.
Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде казак күрөшү боюнча беттештер өттү.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча 31 өлкө катышты. Жалпысынан 60 спортчу күч сынашты.