Орозбек Алмаз уулу казак күрөшүнөн алтын медаль утту

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 13:45
WhatsApp Image 2026-09-04 at 10.43.20.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 10.52.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 10.49.46 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-04 at 10.43.20.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 10.52.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 10.49.46 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. Казак күрөшү боюнча килемге чыккан балбан Орозбек Алмаз уулу алтын медаль утту.

Кыргызстандык спортчу финалда казакстандык Нурдаулет Жарылгапов менен 100 килограммадан жогору салмакта күрөштү.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде казак күрөшү боюнча беттештер өттү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча 31 өлкө катышты. Жалпысынан 60 спортчу күч сынашты.

Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.