Таза суу жана электробустар: ЕРӨБ инфраструктуралык долбоорлорду колдоону улантат

Коом Загрузка... 03 Июнь 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Бүгүн финансы министри Руслан Сүйналиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча регионалдык жетекчиси Айтен Рустамова менен жолугушту.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы Алкактык макулдашуунун долбоору, ошондой эле Ош шаарындагы коомдук транспортту электрлештирүү жана Орловка шаарынын, Түп, Сузак жана Кочкор райондорунун суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо долбоорлору боюнча пикир алмашты.

Финансы министри өлкөдө социалдык маанидеги жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ЕРӨБгө ыраазычылык билдирип, Кыргызстан кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары бекемдөө максатында өз ара кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.