88 жаштагы Мамат Кулматов жаш курагына карабай билимге умтулуусу менен көпчүлүккө үлгү болууда — ал ушул күндөрү Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетин фармацевтика адистиги боюнча ийгиликтүү аяктап жатат. Буга чейин ал медициналык колледжди да бүтүргөн. Ал алдыда билимин дагы да жогорулатууну көздөйт.

Окууну ийгиликтүү аяктап жатыптырсыз. Мындан аркы пландарыңыз кандай?
Бул менин жетинчи билимим. Алдыда ординатураны бүтүп алсам деген ниетим бар. Бирок, азыр бардык нерсе менин ден соолугума байланыштуу болуп турат. Себеби, акыркы кездерде ооруп жүрөм. Бишкеке барып дарыланып келдим. Учурда жакшымын. Эгер ден соолугум жол берсе ординатурага тапшырам.
Фармацевтиканы тандооңузга эмне себеп болгон?
Өзүм элдик дарыгер болгондугум үчүн бейтаптарга дары жасоо максатында фармацевтиканы тандап алгам. Андыктан буга мен өзүм кызыгам. Эми алдыда бул максатымды ишке ашырсам дейм. Ар бир оорунун шыпаасы же дарысы болот. Болгону ошол дарыны табыш керек. Алган бул билимимди мен бейтаптарга дары жасоого колдонгум келет.

Сиз жетип жаткан ийгиликтердин башында эмне турат?
Негизи адам алдына максат кое билиш керек экен. Максат болсо баары болот. Азыр дагы алдыга койгон максаттарым бар. “Адам төрөлгөндөн көргө чейин окуш керек” деп Ыйык Куранда жазылган экен. Андыктан, жаштарга да айтаарым - сөзсүз түрдө билим алуу жана эмгектенүү керек. Ошондой эле ата-энелер дагы балдарына багыт берип, жол көрсөтүшү зарыл. Себеби, билим менен көп бийиктиктерди багындырууга болот.