Oracle компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Эллисон дүйнөдөгү эң бай адам болду

Дүйнө Загрузка... 11 Сентябрь 2025 14:40
WhatsApp_Image_2025_YTz60Jm.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Америкалык IT компаниясы Oracle’дин тең негиздөөчүсү Ларри Эллисон дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде миллиардер Илон Маскты басып өттү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Bloomberg агенттигинин эсептөөлөрүнө ылайык, 10-сентябрда АКШда компаниянын акцияларынын кескин өсүшү менен Эллисондун байлыгы $101 миллиардга көбөйдү. Бул бир күндүк капиталдын эң чоң өсүшү катары катталды.

Бул Oracle чейректик отчетун жарыялагандан кийин белгилүү болуп, ал болжолдордон ашып кетти. Натыйжада америкалык IT корпорациясынын акциялары 41% га өстү.

Bloomberg Эллисондун байлыгын 393 миллиард доллар деп баалап, анын Oracle компаниясынын 41% акциясына ээ экенин белгиледи.