Опера жана балет театры 85-театралдык сезонун ачат

Маданият 15 сентябрь 2026 14:30
Опера жана балет театры 85-театралдык сезонун ачат
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры жаңы, 85-театралдык сезонун ачат. Буга байланыштуу театр жаңы сезондун репертуарын жарыялады.

Көрүүчүлөрдү опера, балет жана башка музыкалык спектаклдер камтылган кызыктуу программа күтөт. Сезондун алкагында төмөнкү чыгармалар тартууланат:

3-октябрь

“Чолпон” балети М.Раухвергер

4-октябрь

“Аста секин колукту” эки көшөгөлүү комедия Н. Давлесов

10-октябрь

“Евгений Онегин” П. Чайковский үч көшөгөлүү опера

11-октябрь

“Сильфида” эки көшөгөлүү балет Ж. Шнейцхоффер, Г. Левенскольд

17-октябрь

“Лебединое озеро” Чайковский

18-октябрь

“Паяцы” премьера Р. Леонкавалло

16-23-октябрь

Опера солисттеринин концерти

24-октябрь

“Ак Мөөр” опера-дастан Ж. Каниметов

25-октябрь

“Дон Кихот” балет Л. Минкус

31-октябрь

Жизель белат А. Адан.