Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Америкалык OpenAI компаниясы дүйнөдөгү эң кымбат жеке менчик компания болуу менен SpaceX компаниясын артта калтырды. ChatGPT чат-ботунун иштеп чыгуучусунун баасы 500 миллиард долларга жетти, деп билдирет Блумберг агенттиги.
«OpenAI кызматкерлерге компаниянын акцияларын сатууга мүмкүндүк берген келишимди жапты. Натыйжада ChatGPTнин ээси Илон Масктын SpaceX компаниясынан ашып түшүп, дүйнөдөгү эң кымбат жеке менчик компанияга айланды», — деп айтылат агенттиктин маалыматында.
Маалыматка ылайык, учурдагы жана мурдагы OpenAI кызматкерлери жалпы көлөмү 6,6 миллиард доллар болгон акцияларын Thrive Capital, Soft Bank Group Corp., Dragoneer Investment Group, MGX, жана T. Rowe Price сыяктуу инвесторлорго сатышты. Уруксат берилген максималдуу сумма 10 миллиард доллар болгон.
Буга чейин, апрель айында, OpenAI 40 миллиард доллардык жаңы инвестициялык раундун өткөргөнүн жарыялап, анда компания 300 миллиард долларга бааланган болчу.
Агенттиктин маалыматына ылайык, азыркы учурда жеке менчик компаниялардын ичинен:
- 2-орунда SpaceX турат — 400 миллиард доллар;
- 3-орунда ByteDance — 220 миллиард доллар менен (TikTok социалдык тармагынын ээси).
Маалымат үчүн: OpenAI — ChatGPT чат-ботунун иштеп чыгуучусу. Ал 2022-жылдын ноябрь аягында ишке киргизилгенден кийин бат эле дүйнөгө таанылып, биринчи жумада эле 1 миллион колдонуучу топтогон.
OpenAIнин негиздөөчүлөрүнүн бири — америкалык миллиардер Илон Маск болгон, бирок кийин ал стартап менен болгон байланышын токтоткон.