Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. ChatGPT`нин негиздөөчүсү америкалык OpenAI компаниясы Broadcom компаниясы менен биргеликте өзүнүн жасалма интеллектке арналган чиптерин чыгара баштайт. Бул тууралуу эки компаниянын биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын Интерфакс билдирет.
Маалыматка ылайык, OpenAI жаңы чиптер жана системалар аркылуу өзүнүн технологияларын түз эле жабдуулардын ичине орното алат. Broadcom бул чиптерди өндүрүүгө жана маалымат борборлорунда колдонууга жардам берет.
Жаңы жабдыктар OpenAIдын жана анын өнөктөштөрүнүн маалымат борборлорунда орнотулат. Бул аркылуу компаниялар маалымат борборлорунун кубаттуулугун 10 гигаваттка чейин көбөйтүүнү көздөшүүдө.
Broadcom жаңы ЖИ жабдууларды орнотууну 2026-жылдын экинчи жарымында баштап, 2029-жылга чейин бүтүрүүнү пландап жатат.
Маалымат жарыялангандан кийин Broadcom компаниясынын акцияларынын баасы 10 пайызга жогорулаганы белгиленет.