Ооруканаларда өрт коопсуздугу сакталбаса, жетекчини кызматтан алуу каралат

Коом 1117 19 Февраль 2025 16:43
480757972_1029492135890179_6629376402945784373_n.jpg
480797623_1029492192556840_3032914784597737589_n.jpg
Алдыга
Артка
480757972_1029492135890179_6629376402945784373_n.jpg
480797623_1029492192556840_3032914784597737589_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Ооруканаларда өрт коопсуздугу сакталбаса жетекчини кызматтан алуу каралат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасында өрт коопсуздугунун эрежелери, талаптарынын аткарылышы жана сакталышы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, ооруканадагы бөлүмдөр тыкыр көзөмөлгө алынып, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары, эвакуация планы, өрттү автоматтык түрдө кабарлоочу орнотмолору, техникалык коопсуздук боюнча нускамалар жана ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундарынын иш кагаздары текшерилди.

Жыйынтыгында кемчиликтер аныкталып, 30 күн ичинде калыбына келтирүү боюнча эскертүүлөр жазуу түрүндө берилди.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 17-февралдан тарта облус аймагындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу бардык ооруканалар КР ӨКМне караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтынын испекторлору жана КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн офицелери менен биргеликте текшерүүгө алынат.

"Жыйынтыгында аныкталган кемчилдиктер жоюлбаса, оорукана жетекчилигинин кызмат ордун кароо боюнча тиешелүү жактарга сунуштамалар берилмекчи",-деп айтылат маалыматта.