Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Курманалиева боор, бөйрөк ооруларынан жабыркаган жарандарга колдоо көрсөтүүнүн абалына көңүл бурду.
Ал белгилегендей, бейтаптардын көпчүлүгү өз алдынча дарыланууну, анын ичинде өлкөдөн тышкары кымбат баалуу операцияларды каржылоого, ошондой эле зарыл болгон лабораториялык изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз төлөөгө аргасыз.
Анын айтымында, буга чейин айрым медициналык кызматтар 50%га чейин арзандатуу менен сунушталса, азыр арзандатуу 40%га чейин төмөндөдү.
"Бул жарандардын мурдагы шарттарды калыбына келтирүү өтүнүчтөрүн жаратты. Ушул категориядагы бейтаптар үчүн 50% жеңилдикти калыбына келтирүүнү карап чыгууну суранам", - деди Курманалиева.