Ракты эрте аныктоо жана диагностикалык шарттар өзгөрүп жатат — Букуев

Ден соолук 1428 19 Февраль 2026 14:24
diagnostika.jpg
471785116_1240532013727922_8048765548693017553_n.jpg
Алдыга
Артка
diagnostika.jpg
471785116_1240532013727922_8048765548693017553_n.jpg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Онкологиялык ооруларды эрте аныктоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бул тууралуу Онкология жана гематология улуттук борборунун директору Нурбек Букуев “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Ал белгилегендей, жалпы статистика боюнча ооругандардын саны орто эсеп менен өзгөргөн эмес.

"2008-жылы Кыргызстандын калкынын саны 5 миллион болсо, азыр 7 миллиондон ашты. Калктын көбөйүшүнө байланыштуу ооругандардын саны да өсүп жатат. Бул көрүнүш дүйнөлүк статистикада да байкалат жана ал онкологиялык ооруларга гана эмес, башка ооруларга да тиешелүү",-деди ал.

Букуев белгилегендей, “Онкологиялык борбор иштебей жатат” деген сөздөр туура эмес.

"Статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, оорулардын саны көбөйгөн эмес. Орто эсеп менен мурунку жылдардагы көрсөткүчтөр азыр деле сакталууда. Ооруну аныктоо жана диагностикалык шарттар өзгөрүп жатат. Натыйжада оору эрте стадияда аныкталып, ооругандардын саны көбөйүп жаткандай көрүнүүдө. Азыр борбор ооруну жаңы башталган учурда аныктоого өзгөчө көңүл буруп жатат. Бул алардын негизги максаты болуп саналат",- деди ал.