Онкологиялык ооруларды дарылоодогу заманбап технологияларды киргизишибиз керек – Чечейбаев

Ден соолук Загрузка... 11 Сентябрь 2025 13:45
WhatsApp Image 2025-09-11 at 12.55.21.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Онкологиялык оорулардын алдын алууну күчтөндүрүп, дарылоо боюнча дүйнөлүк заманбап технологияларды Кыргызстанга киргизишибиз керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, онкологиялык ооруларды дарылоо абдан көп каражат талап кылат жана учурда мамлекет онкология менен ооруган бейтаптарды толугу менен бекер дарылоого жетише элек.

“Химиотерапия, диагностика абдан маанилүү, бизде мисалы ПЭТ/КТ деген диагностикалык ыкмалар кире элек. Бул аппараттар абдан кымбат. Бирок, ошого карабастан Онкологиялык борборго башка багыттарга караганда бюджеттен кыйла көп каражат бөлүнүп жатат. Ал да жетишсиз болууда. Азыр биз бардык онкологиялык бейтаптарды толугу менен бекер дарылоого жеттик деп айта албайбыз. Дагы көп каражат керек, ошого байланыштуу негизи онкологиянын алдын алуу жагын күчтөндүрүп жатабыз. Алсак, онкологиялык ооруларга биринчиден туура эмес жашоо образы, тамеки чегүү, аз кыймылдоо же физикалык активдүүлүктүн аздыгы, туура эмес тамактануу сыяктуу көптөгөн факторлор алып келет. Ошондуктан калктын саламаттыгын сактоо багытына чоң басым жасалып, өлкө боюнча көптөгөн спорт имараттары курулууда. Шаарлардын инфраструктурасы жөө басканга, велосипед тепкенге ыңгайлаштырылууда. Мындан ары да оорунун алдын алууга эки, үч эсе көп каражат бөлүп, ошол жагына маани беришибиз керек”,- дейт Чечейбаев.

Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы менен адистер тарабынан мыкты чечимдер кабыл алынып, президентке, министрлер кабинетине сунушталарын министр белгиледи.

“Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына карата эл аралык конференция өтүп жатат. Илимий иш-чарага 10дон ашык өлкөлөрдүн онкологиялык борборлорунун жетекчилери, Кытай, Россия, Европадан келген дарыгер адистер катышууда. Бул жөн гана тажрыйба алмашуу эмес, бардык катышкан өлкөлөр алдыңкы жетишкендиктерин көрсөтүшүүдө. Белгилүү болгондой, азыр технология өнүгүп жатат. Кечээ эле ядердик медицина борборун түзүү боюнча долбоор колдоого алынып, мамлекеттик деңгээлге көтөрүлдү. Учурда президент өзү да бул багытка өзгөчө көңүл бурууда. Онкологиянын алдын алуу, дарылоо боюнча дүйнөлүк заманбап технологияларды Кыргызстанга киргизишибиз керек. Жалаң гана ядердик медицинаны эмес, азыр андан да өнүккөн пратондук медицина деген чыгып жатат. Ал жагын да талкуулап өлкөгө пратондук медицинаны алып келүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар карап жатабыз”,- деди ал.

Ошондой эле Кыргызстанда гана эмес негизи эле онкологиялык оорулар дүйнө жүзүндө өсүп жатканын айткан министр Онкологиялык борборлорду өнүктүрүү максатында Ош, Жалал-Абад облустарында да онкологиялык борборлорду күчтөндүрүү пландалып жатканын кошумчалады.