Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен биргеликте Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, “Бабатрон” алыстан нур менен дарылоо аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын тапшыруу аземине катышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы булак жабдуунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздап, рак оорулары менен күрөшүүдө маанилүү болгон нур терапиясынын жеткиликтүүлүгүн сактоого шарт түзөт.
“Бул демилге эки өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгынын кезектеги практикалык жыйынтыгы болуп саналат. Тараптар мындан ары да онкология багытын өнүктүрүү, медициналык адистерди даярдоо, заманбап технологияларды киргизүү жана саламаттык сактоо инфраструктурасын жаңылоо боюнча биргелешкен иштерди улантат”, -деп айтылат маалыматта.