Онколог мең менен меланоманы кантип айырмалоону түшүндүрдү

Ден соолук Загрузка... 13 Май 2026 18:55
WhatsApp_Image_2026_esDwpdY.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Кадимки меңди меланомадан кантип өз алдынча айырмалоо керектигин дарыгер-онколог Суна Исакова айтып берди. Бул тууралуу Lenta.ru агенттиги жазды.

Дарыгердин айтымында, өзүн-өзү текшерүүнүн эң жөнөкөй ыкмаларынын бири ABCDE деп аталат. Ал беш критерий боюнча баалоону камтыйт: асимметрия, четтери, түсү, өлчөмү жана жаңы симптомдор. Онколог түшүндүргөндөй, эгерде теридеги жаңы пайда болгон нерсе асимметриялуу болсо, анын четтери тегиз эмес же бүдөмүк болсо, түсү бир калыпта эмес болсо, тез чоңоюп жатса же алты миллиметрден ашып кетсе, дарыгерге кайрылуу зарыл.

Доктор меңдердин динамикасына байкоо жүргүзүү маанилүү экенин өзгөчө белгиледи. Атүгүл мурда болбогон кичинекей өзгөрүүлөр да дарыгерге текшерилүүгө себеп болушу мүмкүн.

"Кандайдыр бир жаңы көрүнүш, мейли ал кычышуу, каноо же түйүнчөктөрдүн пайда болушу болсун, көңүл бурууну талап кылат", - деп белгиледи ал.

Онколог ABCDE системасы медициналык диагностиканы алмаштырбай турганын, бирок адамга мүмкүн болгон тобокелдиктерди тезирээк байкоого жардам берерин тактады. Анын айтымында, бул өзгөчө меңдери көп жана ак жуумал териге ээ адамдар үчүн маанилүү.

Доктор шектүү өзгөрүүлөр болгондо адиске барууну кечиктирбөө керектигин баса белгилеп, өзгөрүүлөрдү эрте аныктоо ийгиликтүү дарылоо мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатарын айтты.

ABCDE – бул дүйнө жүзү боюнча дерматологдор жана онкологдор тарабынан колдонулган, меңдин кооптуулугун (меланоманы) аныктоого жардам берген эл аралык диагностикалык эреже.