Ондогон жылдар бою тамыры тереңдеп кеткен коррупцияны ооздуктоого жетиштик – президент

Президент 10 ноябрь 2025 16:30
Ондогон жылдар бою тамыры тереңдеп кеткен коррупцияны ооздуктоого жетиштик – президент
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Өлкөдө ондогон жылдар бою тамыры тереңдеп кеткен коррупцияны ооздуктоого жетиштик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, коррупцияга каршы күрөш бир күнгө да тыным алган жок.

“Жедеп, чырмалышып калган схеманын бырын-чырынын чыгарып, ондогон жылдар бою тамыры тереңдеп кеткен коррупцияны ооздуктоого жетиштик. Эми элдин мүлкүнө, мамлекеттин каражатына көз арткандарга жол бербейбиз. Мындай учурда жеп-ичкичтик, жемкордук, паракорчулук деген ооруларга каршы тура турган күч – бул жаштар, силер болушуңар керек. Ата Мекенин өз атасын, өз энесин сүйгөндөй сүйүп, ыйык туткан жаш муун өсүп жетилиши мезгилдин талабы болуп калды”, - деди өлкө башчысы.