Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Омуртка ооруларынын негизги себеби — кыймылсыз жашоо образы. Бул тууралуу невролог-вертебролог Андрей Ратинов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, калк арасындагы аз кыймылдуулук олуттуу көйгөйгө айланууда. Эгерде мурда мындай оорулар менен 40 жаштан ашкандар кайрылса, бүгүнкү күндө бейтаптардын 15-20 пайызын 25 жашка чейинки жаштар түзөт.
"Күн сайын жок дегенде 20-30 мүнөт эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо — жумушка чейин сейилдөө же денени жазуу абдан маанилүү. Мындай адатты калыптандырган адам өзүн кыймылдабагандарга караганда алда канча сергек сезет", — деди дарыгер.
Дарыгер баланын ден соолугуна кичинекей кезинен кам көрүү зарылдыгын белгилеп, ата-энелерге мультфильм көрүү сыяктуу факторлорду чектөөнү сунуштады.
"Мультфильмдер баланы алаксытууга жакшы жардам бергени менен, физикалык кыймылды толугу менен чектейт. Эң негизгиси — бала кыймылда болушу керек. Кичинекей физикалык көнүгүүлөр дагы омуртканын күчтүү жана дени сак болушуна жардам берет", — деди Ратинов.
Ошондой эле дарыгер зарыл учурда кесипкөй укалоочуга кайрылууну сунуштайт. Укалоо булчуңдарды иштетип, күчтүн туура бөлүнүшүнө, чыңалып калган жерлерди бошотууга жана иштебеген булчуңдарды стимулдаштырууга жардам берет.
Биздин заманда жашоону телефонсуз элестетүү кыйын, бирок анын айынан адамдардын моюнунда көп учурда көйгөйлөр жаралат. Буга байланыштуу адис телефон менен иштөөдө денени туура кармоону, моюн көнүгүүлөрүн жасап турууну, телефон колдонуу убактысын кыскартууга аракет кылууну жана тез-тез тыныгуу жасап турууну сунуштады.