Оманда Иран менен АКШнын алгачкы сүйлөшүүлөрү өттү

Дүйнө Загрузка... 14 Апрель 2025 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Күн мурун Оманда Иран менен АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы эки саатка жакын созулуп, тараптар диалогду улантууну макулдашты. Бул тууралуу “ТАСС” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Иран делегациясын тышкы иштер министри Аббас Аракчи, АКШдан келген топту президент Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектеген.

Сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылган Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусадинин айтымында, жолугушуу “көз караштардын жакындашына шарт түзгөн достук кырдаалда” өттү.

Кийинчерээк Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арахчи өзүнүн Telegram каналында тараптар Ирандын өзөктүк программасы жана ага каршы санкцияларды алып салуу боюнча позицияларды “өз ара урматтоого негизделген конструктивдүү атмосферада” алмашканын жазып, сүйлөшүүлөр келерки аптада улана турганын белгилеген.

Эске салсак, буга чейин 11-апрелде АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жетүү үчүн 60 күндүк мөөнөт белгилеген. Ага ылайык, сүйлөшүүлөрдө кырдаал оң тарапка чечилбесе Тегеран аскерий аракеттерге кабылышы мүмкүн.