Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда "Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук" ураанынын астында бир айлык өтүүдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 15-сентябрдан 15-октябрга чейин уланат.
Иш-чара КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 токтомунун алкагында өткөрүлүп, улуу муундун жашоо сапатын жогорулатууга, улгайган жарандардын кадыр-баркын сыйлоо жана камкордук салтын бекемдөөгө, ошондой эле коомчулуктун көңүлүн социалдык коргоо маселелерине бурууга багытталган.
Бир айлыктын алкагында өлкө боюнча социалдык, медициналык, укуктук иш-чаралар, маданий-агартуу жолугушуулары, өз ара жардам көрсөтүү акциялары, кайрымдуулук демилгелери өткөрүлөт.
Министрлик бардык жарандарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес-структураларды бул иш-чарага активдүү катышууга жана улгайган жарандарга болгон көңүл буруу менен камкордукту айлык маалында гана эмес, күн сайын көрсөтүүгө чакырат.