Өлкөдө сейсмикалык жактан эң кооптуу деп эсептелген үч негизги аймак бар - Абдрахматов

Кырсык Загрузка... 06 Август 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Күн мурун Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү саат 19:44тө орун алып, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Жай-Терек, Сары-Базар айылдарында 5,5 балл, Майлуу-Суу шаарында 5 балл, Жалал-Абад шаарында 4 балл, Токтогул шаарында 3,5 баллга чейин сезилди. Ал эми Бишкек шаарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген. Сейсмология институтунун сейсмикалык станциялары сейсмикалык кооптуу аймакта күнү-түнү жердин силкингенин каттап турат. Жер титирөөлөргө байкоо жүргүзүү, каттоо жана сейсмикалык станциялардын иши, кооптуу делген аймактар тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигине Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору, сейсмолог Канат Абдрахматов айтып берди.

WhatsApp Image 2025-08-06 at 14.36.30 (2).jpeg

Кыргызстанда сейсмикалык жактан кооптуу аймактар кайсы региондордо жайгашкан? Эмне себептен?

Өлкөдө сейсмикалык жактан эң кооптуу деп эсептелген үч негизги аймак бар. Алардын алдыңкы сабында Ош облусунун Чоң-Алай жана Алай райондору турат. Бул аймактарда жыл сайын 4–5 баллга жеткен жер титирөөлөр катталып турат. Айрыкча, Алай району эки ири тоо системасынын – түндүк тарабында Тянь-Шань, түштүк тарабында Памир тоосунун – кагылышкан чек арасында жайгашкан. Ушул себептен бул жерде тектоникалык чыңалуулар бат топтолуп, жер титирөөлөрдүн активдүүлүгү жогору болот. Жергиликтүү тургундар мындай кырдаалга көнүп калган. Экинчи орунда Жалал-Абад облусу турат. Бул аймакта жер титирөөлөрдүн саны Ош облусуна салыштырмалуу азыраак болсо да, ал да тектоникалык активдүү аймакта жайгашкан. Геологиялык түзүлүшү да кырдаалдын кооптуулугун шарттайт. Үчүнчү кооптуу аймак – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району. Бул райондо да сейсмикалык активдүүлүк байма-бай катталып турат. Анткени, бир жагынан казак платформасы, экинчи жагынан тоолор жайгашкан. Тоолор менен казактын түз платформасынын бириккен жеринде да тектоникалык чыңалуулар көп топтолуп, бул жерде да байма-бай жер титирөөлөр катталып турат. Бул үч аймак өлкө боюнча сейсмикалык жактан эң кооптуу аймактардын катарын түзөт.

WhatsApp Image 2025-08-06 at 14.41.47 (6).jpeg

Бул аймактарда кандай тобокелдиктер бар жана кандай алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө?

Учурда өлкө боюнча жалпы 21 сейсмикалык станция иштеп жатат. Бул станциялар ар кайсы аймактарга орнотулуп, жер титирөөлөрдү так жана ыкчам түрдө каттоого мүмкүндүк берип келет. Бирок, алдын алуу иштеринде биз аксап келебиз. Себеби, бул жаатта керектүү заманбап жабдыктар бизде жок. Ал жабдыктарды сатып алуу үчүн ири көлөмдөгү каражат талап кылынат. Ошондуктан алдын алуу боюнча иштер толук кандуу жүргүзүлбөй келет. Жер титирөөлөрдү каттоо боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөр бар, бирок алдын ала болжолдоо азырынча дүйнө жүзүндө да толук мүмкүн болбой келет. Ошентсе да, мониторингдин сапатын жогорулатуу жер титирөөлөрдүн мүнөзүн, очогун жана күчүн тез аныктоого чоң жардам берет.

WhatsApp Image 2025-08-06 at 14.41.47 (5).jpeg

— Кыргызстандагы сейсмологиялык байкоо жана эскертүү системалары кандай иштеп жатат?

Эгерде орто эсеп менен ала турган болсок, өлкөдө жер титирөөнүн саны көбөйгөн жок. Жыл сайын орто эсеп менен 9 миң 500 жер титирөө катталып турат. Бирок, айрым жылдары жер титирөөнүн саны көбөйүп турат экен. Мисалы, 2016-жылы 12 миң жер титирөө катталган. Сейсмология инстутунда сейсмикалык мониторинг бар. Бүгүнкү күндө ал абдан жакшы деңгээлде иштеп жатат. Жогоруда белгилеп өткөн 21 сейсмикалык станцияга дагы 4 станция кошуп алсак, мындан жакшы иш алып барабыз деген ойдомун.

— Күн мурун Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул эмнеден улам болду жана жакынкы күндөрү кайра кайталанышы мүмкүнбү?

Жогоруда айтылгандай, Жалал-Абад облусу сейсмикалык жактан кооптуу аймактардын бири болуп саналат. Геологиялык жана тектоникалык өзгөчөлүктөрүн эске алганда, бул аймакта жер титирөөлөрдүн кайра кайталанышы толук мүмкүн.