Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги алыскы аймактарды дарыканалар менен камсыздоо максатында онлайн-дарыканаларды түзүү маселесин иштеп чыгууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин түз эфиринде Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева билдирди.
Анын айтымында, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда дарыканалардын жетишсиздиги көйгөйү бар.
"Бүгүн биз бул маселени иштеп чыгып, бул аймактарды дарыканалар менен камсыздоо саясатын карап жатабыз. Бул албетте, оңой маселе эмес. Анткени, дарыканалардын көпчүлүгү жеке менчик болгондуктан, алар дары-дармекке суроо-талап бар жерлерде гана ачышат. Аймактарда көпчүлүгү дарыканаларды ачпайт, себеби кээде ал жерлерден дарыканада иштей турган кызматкер табуу мүмкүн эмес. "Эл аман" мамлекеттик дарыканаларын ачуу дал ушул максатта пландалган, бирок ал жерде да белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Бүгүн биз онлайн-дарыканаларды түзүү маселесин карап жатабыз, бул жарандарга дары-дармектерге буйрутма берүүгө мүмкүндүк берет. Бирок, логистикалык белгилүү кыйынчылыктар бар. Биз бул маселени көзөмөлдөп, чечүү жолдорун издеп жатабыз", — деди ал.